Бишкектеги Токтогул көчөсүн унаалар эки тараптуу жүрө турган кылуу сунушу каралууда. Муну шаар башчысы Кубанычбек Кулматов 3-июлда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Биз көчөнү 3 метрге кеңейткени жатабыз, бирок бул нерсе көчөнүн автоматтык түрдө эки тараптуу болуп калышын билдирбейт. Бул боюнча сунуш түшкөн, биз карап жатабыз. Азырынча бир чечим кабыл алына элек",- деди мэр.
Айта кетсек, учурда Токтогул көчөсүнөн унаалар бир тараптуу (батыш багытына) гана жүрө алышат.