Кара-Суу районунун тургуну унаасынын атайын жашыруун бөлүгүнө баңгизатын жашырып баратып кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, баңгизатын жүгүртүүгө шектелген жарандын үстүнөн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кара-Суу районунун М.Н. аттуу тургуну токтотулуп, унаасы тинтүүгө алынган. Натыйжада унаанын атайын жашырылган жайынан 1 килограмм 174 грамм героин табылган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.