Баткен облусунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Кызыл-Кыя - Кербен жолунда №О16 89В мамлекеттик номерлүү, М.Жапаровго таандык РАФ автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Унаанын өрттөнүшүнө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.