Тайырбек Сарпашев "2015-жылкы парламенттик шайлоо максималдуу түрдө ачык өтүшү керек" дейт

Кыргызстанда 2015-жылкы шайлоо максималдуу түрдө ачык жана адилеттүү өтүшү керек. Муну 3-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда Фарнворт биринчи вице-премьердин иштерине кызыкты. Сарпашев эң маанилүү тапшырма алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү экенин айтат.
"2015-жылкы шайлоо максималдуу түрдө ачык жана адилеттүү өтүшү керек. Шайлоого даярдык көрүүдөгү башкы тапшырма - биометрикалык маалымат базасы менен калкты бирдиктүү каттоону түзүү. Биометрикалык маалыматтар өз учурунан эрте топтолуп бүтөрүнө ишеним бар",- деди Сарпашев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан