“Бишкек шаарынын бюджетин ачык-айкын кылууну колдойм. Бирок мэрия буга техникалык жактан даяр эмес”,- деди бүгүн, 3-июлда тегерек столдун жүрүшүндө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов.
“Мен 5 жылдан бери мэрияда иштеп келем. Бюджетти ачык-айкын кылуу боюнча 3 жыл мурун сүйлөшүүлөр болгон. Бирок конкреттүү эмес болчу. Менин оюмча, бюджетти ачык-айкын эмес, түшүнүктүү кылышыбыз керек. Албетте, бул демилге бир заматта ишке ашырылып кетпейт”,- деди вице-мэр.
Мындан тышкары ал аталган “Бишкектин бюджетинин ачык-айкындуулугу” долбоорун колдоорун баса белгилеп, керек болсо жардам көрсөтөрүн билдирди.
“Бишкектин бюджетинен акча каражаты кайсы майда-чүйдөгө кетирилгендиги ар бир жаранга керек эмес деп ойлойм. Аталган долбоорду ишке ашырууга мэрия техникалык жактан даяр эмес”,- деп кошумчалады М.Исмаилов.