Кытайлык "Вeijing Urban Construction Group Co" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандагы аэропорттордун курулушу үчүн 1 миллиард долларга чукул каражат бөлөт. Бул тууралуу 3-июлда Эл аралык "Манас" аэропортунун расмий сайты маалымдады.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиясынын алкагында аталган аэропорт кытайлык корпорация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, протокол түзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Манас" аэропортунда майда жана дүң соода жүргүзүүчү эл аралык терминал куруу, ошондой эле «Баткен», «Ысык-Көл» аэропортторун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуулар жүргөн. Долбоорго сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы 1 миллиард долларга барабар болгон.