Биометрикалык маалымат чогултууда тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга Улуу Британиядан эксперттер келишет. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт 3-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуу мамлекеттин коопсуздугу жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн керек.
“Улуу Британия өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана өкмөт үчүн келечектүү стратегия жана программаларды ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү улантат. Көптөгөн долбоорлор аткарылды жана алдыда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат”,- деди ал.