Жайыл районунда 7 орундуу унаа оодарылып кетип, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Опель-Зафира унаасы Бишкек-Ош унаа жолунун 186-чакырымында, тактап айтканда, Жайыл районунун аймагында баратканда айдоочу башкара албай калгандыктан оодарылып кеткен. Кырсыктын айынан унаадагы 2 жүргүнчү каза таап, айдоочу жана дагы 4 жүргүнчү Жайыл райондук аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө.