Бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон башында турган өкмөттүк делегациялардын чек ара маселеси боюнча Бишкекте өткөн жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.
Жолугушууда тараптар 2014-жылдын 14-июлунан тарта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун долбооруна ылайык жана Исфара – Ворух жолун макулдашылган маршруттар схемасы боюнча бир убакытта куруп баштоо жана пайдаланууга берүү маселеси макулдашылды.
Ошондой эле Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жана Исфара-Ворух автожолун макулдашылган маршруттар схемасы боюнча пайдалануу тууралуу өкмөттөр аралык келишим долбоорун иштеп чыгуу максатында эксперттик иштиктүү топтордун 7-июлда Тажикстандын Кайрак-Кум шаарында жолугушуусу өтөт.
Тараптар 2014-жылдын 31-мартындагы эки көпүрөнү жана автожол участогун куруу жөнүндө келишимди аткаруу маселеси боюнча тараптар курулуш тилкесин жана эки көпүрө ишинин көлөмүн тактоо үчүн тийиштүү органдарга жолугушуу уюштурууну тапшырды.
Мындан сырткары кыргыз-тажик жарандары ортосунда 2014-жылдын 7-майында орун алган чатакты териштирүү маселесине кайрылууда вице-премьер-министрлер күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча кылмыш ишин тергөөнү ыкчамдатып, соңуна чыгаруу жана анын жыйынтыгы боюнча жарандарга келтирилген материалдык чыгымды кайтаруу боюнча чараларды кабыл алууну макулдашышты.