Аламүдүн районунда “40 жаштагы айымды күч колдонуп зордуктап, кийин тоноп кеткен” деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.
Маалым болгондой, 1974-жылы туулган айым милициянын нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, шаар четиндеги айланып өтүүчү жолдон белгисиз адам учтуу темир менен коркутуп, зордуктаганын жана жанындагы 1500 сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алганын кабарлаган.
Окуя болгон күнү эле ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалган. Анын жанынан жабыр тарткан айымдын уюлдук телефону жана башка бир нече буюмдар чыккан.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.