Бүгүн, 3-июль күнү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бишкек шаарынын Ала-Тоо жаңы конушундагы 500 окуучуга ылайыкташкан орто мектептин курулушу менен таанышты. Өкмөттүн билдиришинче, премьер-министр курулушту жеке көзөмөлүнө аларын жана курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтүшү керектигин айтты. Казакстан курулуш ишине 1 200 800 теңге бөлүптүр.
Бишкек жана Ош шаарындагы мектептердин курулушу 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөр аралык келишимине ылайык ишке ашууда. Борбор шаардагы мектепти ишке берүү быйыл ноябрга болжолдонууда.