Кыргызстан акчалардын изин жашырууга каршы каржылык топтун тизмесинен чыкты

Кыргызстан акчалардын изин жашырууга каршы каржылык чараларды иштеп чыгуу тобунун тизмесинен чыгарылды”,- деп билдирди Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжанов. Бул тууралуу чиновник бүгүн, 3-июлда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин кабыл алуусунда айтты.

Жоомарт Оторбаев бул жетишкендик өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы багытталган мыйзамдарды жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракетинин жыйынтыгы экенин айтты.

Кыргызстан кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана терроризм коркунучтарынын алдын алуу ишинде гана эмес, инвестициялык абалдын жакшырышы жаатында да маанилүү кадам жасады. ФАТФ тизмеси коом үчүн ачык болуп саналат жана дүйнөдөгү көптөгөн инвесторлор өлкө багытынын өзгөрүүсүнө көз салып турушат. Алар дүйнөлүк кабыл алынган стандарт, нормаларга багыт алып, ФАТФ пикири абдан абройлуу”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан