Бүгүн, 3-июлда Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Хонда Одиссей сүзүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, Хонда Одиссей унаасы Исанов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатканда Хонда Фит унаасы жол чырак кызыл күйгөнүнө карабай Фрунзе көчөсүнөн өтүүгө аракет кылып, капталы менен Хонда Одиссей унаасынын маңдайкы бөлүгүн сүзүп кеткен.
Жол кырсыгына катыштыгы бар эки унаанын ээлери өз ара сүйлөшүп, МАИ кызматкерлерин күтпөй ордуларынан жылып кеткенин күбөлөр билдиришти.