Алмазбек Атамбаев “Ыйман” фондунун Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 3-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун Байкоочулар кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүн кабыл алды. Мамлекет башчы жолугушууда руханий маданият жана диний агартуу ишинде “Ыйман” фондуна зор ишеним артып жаткандыгын белгиледи. “Фонддун ишмердиги өлкөдө исламдын чыныгы, тынчтыкка үндөгөн вазыйпасын түшүндүрүүгө, конфессиялар аралык ынтымакташтыкты бекемдөөгө, түрдүү диндерди урматтоого жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы туруунун натыйжалуу ыкмаларын жана формаларын иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөктөшүүгө багытталууга тийиш”,- деп белгиледи президент. Фонддун алдыдагы пландары да талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан