Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июлуна чейин 34 жыйын өткөрдү. Муну бүгүн, 3-июлда ЖКдан билдиришти.
Комитетке 10 айда 33 мыйзам долбоору кирсе, анын төртөө кайтарылган. Калган 29 мыйзам долбоорунун 21и комитетте каралды. "КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча" жооптуу комитет катары 8, профилдүү комитет катары 6 долбоор талкуудан өттү. Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 6 мыйзам кабыл алынып, 1 мыйзам четке кагылганы айтылды.