Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети сессия аралыгында даярдаган маанилүү мыйзамдардын бири "Фирмалык аталыштар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү болуптур. Муну парламенттин маалымат кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.
“Фирмалык аталыштар жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын сунушталган долбоору интеллектуалдык менчик жагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана "Товардык белгилер, тейлөө жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарынын белгилери жөнүндө" мыйзамы менен "Фирмалык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын ортосундагы айрым карама-каршылыктарды четтетүү, фирмалык аталыштарды каттоону жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан. Товардык белгилердин ээлерине кошумча укуктарды берүү жана товардык белгиге өзгөчө укуктардын күрөөсүнүн укугун киргизүү жагы да каралган.
Мыйзам парламентте 2014-жылдын 27-январында кабыл алынган.