Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында 1,5 миң бала балдар бакчасына барууга кезекте турушат. Бул тууралуу облустук Билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык бүгүнкү күндө Каракол шаарында 17 бала бакча бар, алардын 6сы жеке менчик болсо,13ү мамлекеттик жана 2 бала бакча мекемелерге таандык. Жалпысынан 17 бала бакчада 3 миң 253 бала тарбияланууда.