4-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +28°C, түнкүсүн +11°C
Талас облусу. Күндүз +26°C, түнкүсүн +9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +31°C, түнкүсүн +12°C
Баткен облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +21°C, түнкүсүн +9°C
Нарын облусу. Күндүз +25°C, түнкүсүн +8°C
Бишкек шаары. Күндүз +27°C, түнкүсүн +14°C
Эскертүү!
2014-жылдын 2-июлунан 6-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.