Жылнаама, 4-июль: Мындан 18 жыл мурун кыргыз-кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюлган

* Мындан 18 жыл мурун, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын Төрагасы Цзян Цзэмин кыргыз-кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюшкан. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгү-Кууш тилкеси эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен келишимге киргизилген. 
* Мындан 149 жыл мурун, 1865-жылы Чарльз Доджсон аттуу адам 1862-жылдын 4-июль күнкү пикник маалында Алиса Лидделлге коён менен сыйкырдуу дүйнөгө качкан кыздын тарыхын айтып берген. Окуя 10 жашар кызды ушунчалык кызыктырып, ал баяндамачыдан анын уландысын толук жазып берүүсүн өтүнгөн. Ошентип, Чарльз Доджсон кыздын кеңешине кирип, Льюис Кэрролл деген лакап ысым менен "Алиса кереметтер өлкөсүндө" деген китепти жазган. Ал китептин биринчи басылышы 1865-жылдын 4-июлунда жарык көргөн.
* Мындан 224 жыл мурун, 1790-жылы англиялык геодезчи, дүйнөдөгү эң бийик чоку Жомолунгмага ысымы коюлган Жон Эверест Уэльсте туулуп, 1866-жылы 1-декабрда 76 жашында көз жумган.
 
4-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан