"Турак жайым жок" деп мамлекеттин эсебинен үй алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

"Турак жайым жок" деген жалган маалымат менен мамлекеттин эсебинен үй алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 3-июлда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жогоруда аталган мекеменин системиндеги коррупциялык иш-аракеттердин бар же жоктугун аныктоо үчүн текшерүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө ӨКМда эмгектенген кызматкерлер Т.Т.А. жана Ж.Б.Д. кызмат абалынан пайдаланып, "үйү жок" деген маалым кат жасатышканы жана мамлекеттин эсебинен турак жайга ээ болушканы белгилүү болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
razak95
2014-07-04 09:09:04
Хаха берип туруп кайра алып алдык деп эле айтышбайбы
+1
Мэри
2014-07-04 09:31:21
"Эбин тапкан эки ичет" деген ушул. Бирок "укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба", "кыңыр иш кырк жылда билинет", "уурунун арты кууш" дегендей болуптур да...
0
LISICHKA
2014-07-04 11:46:26
Эмнеге чондордун аты-жонун толук жазышпайт.Аттарын ачык айтып,эл алдынды шерменде кылыш крек болчу буларды.Эгер кедей-кембагал болгондо аты-жонунду,ата-тегинди кошуп,атанды уч коргондон таанытып коймок.Эх коррупция,коррупция гулдогон кез.
0
kursantbek
2014-07-04 14:36:26
LISICHKA, коррупцияны кармап жатпайбы
0
LISICHKA
2014-07-04 11:47:24
Казан кармаган бармагын жалайт болуптур да.
0
aika1405
2014-07-04 12:28:44
LISICHKA, май кармаган десен казан эмес.
0
nargiz_96
2014-07-04 12:46:22
Байкуш берип эле койгула ошол уйду бизди чондорду эч нерсеси жок элге иштейм деп байкуштар уйда алган эмес
+2
Asus77
2014-07-06 18:10:23
nargiz_96, хахаха мамлекет учун жанын берип иштеп келе жатышат десем ))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан