Таш-Көмүр шаарында 4 күн мурун сууга чөгүп кеткен 12 жаштагы бала табыла элек

Бүгүн, 4 -июлда Таш-Көмүр шаарында сууга чөгүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
3-июль күнү издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 4 суучул, ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана туугандарынан 12 адам  издөө иштерин улантышты.
Эске салсак, окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 30-июнь күнү саат 13:00 чамасында катталган. Анда 2002-жылы туулган шаар тургуну Назар Бекназов Бишкек-Ош унаа жолунун 455-чакырымында Нарын дарыясындагы көпүрөнүн жанында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rumaika5544
2014-07-04 09:49:16
Ал сууга каанча деген адамдар чогуп соогу табылбай калган.
0
beka88
2014-07-04 10:41:47
ээ АЛЛАХым бул пендени тапканга озун мумкунчулук бер:жакшы да жаман сенин окумун менен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан