Баткендин Кадамжай районундагы «Баяман баатыр» базарында уурулук боюнча өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Кадамжай РИИБинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 1981-жылы туулган Өзбекстандын М.О. аттуу жараны 20-июнь күнү аталган базардагы контейнерлердин биринен 24 даана атыр уурдаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө өзбек жараны чек араны мыйзамсыз өтүп, уурулук кылганы аныкталган. Тергөө иштери аяктап, соттук кароого жиберилди.