Өкмөт Баткендеги Чарбак айылынын тургундарына акысыз 14 тонна көмүр таркатты

Чарбак айылынын тургундарына 14 тонна көмүр өкмөт тарабынан акысыз таратылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, облустук администрация аталган айылга 20 тонна көмүр жеткирип, анын 14 тоннасы элге акысыз таркатылды. "Чарбак айылынын жашоочулары 100 пайызга көмүр менен камсыз болду. Учурда 6 тонна көмүр сатууга калтырылды, бир тоннасы 4,5 миң сомдон базардан арзаныраак сатылат”,- деп кошумчалайт өкмөттүн маалымат кызматы. Эске салсак, Чарбак айылынын тургундары  5-7-январдагы Сох анлавындагы чек ара окуясынан жапа чегишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан