Кечээ, 3-июлда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинанын түштүк-чыгышын тукум курут кылуу боюнча кайрылууну кароодон баш тартты. Бул тууралуу “Адилеттүү Орусия” фракциясынын лидери Сергей Миронов чет элдик журналисттерге билдирди.
Депутаттар аталган кайрылууну Думанын 4-июлдагы отурумунда кароону көтөргөнүн айтат. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги боюнча комитет башчысы Леонид Слуцкий көйгөй чындыгында болуп жатканын жана аны тезинен талкуулаш керектигин айтты. Бирок учурда мындай кайрылууну Берлинде Украинадагы кырдаалды сүйлөшүүнүн алдында кабыл алуу мүмкүндүр",- дейт Миронов.
Айта кетсек, Мамлекеттик Дума бүгүн, 4-июлда акыркы сессиясын өткөрүп, депутаттар жайкы эс алууга чыгышат.