Япониянын Рютаро Нономура аттуу чиновниги маалымат жыйынында "30 миң долларды ашыкча чыгым кылды" деп шектелгени үчүн эл алдында ыйлап жиберди. Аталган суммага чиновник 195 жолу иш сапарга чыккан жана жумшалган акча боюнча бир да чек берген эмес. Муну чет элдик ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, чиновник эки жылдан бери каржылык отчётун да толук берген эмес. Нономура маалымат каражаттарына “мен Япониядагы коомду өзгөрткүм келет" деп айтып жатат.