Бишкекте "соода күркөсүнүн арткы бөлүгүн тешип, азык-түлүктү уурдап кеткен" деген шек менен 18 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте "соода күркөсүнүн арткы бөлүгүн тешип, азык-түлүктү уурдап кеткен" деген шек менен 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, борбор шаардын Нурлан аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, белгисиз адамдар темирден жасалган жеке менчик соода күркөсүнүн арткы бөлүгүн атайын шайман менен кесип, ичинен 25 миң сомго бааланган азык-түлүктөрдү уурдап кеткенин кабарлаган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 18 жаштагы баш калаанын Александр аттуу тургуну кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан