Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 4-июлда Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземине катышып, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Куттуктоонун тексти төмөндө:
“Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Эл баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев кыргыз элинин көрүнүктүү атуулу, чыныгы мекенчил, таза инсан катары элдин эсинде калды. Агабыз турмуштун бардык оорчулугуна чыдап, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен.
Көп жылдар бою Кыргызстандын Коммунисттик партиясын жетектеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары чындыкты бетке айтып, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон.
Абсамат Масалиевичтин өмүр жолу, жасаган эмгеги - Ата Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Агабыздын басып өткөн жолун улуу мекендешибиз Исхак Раззаковдун “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөзү таасын туюндурат. Агабыздын артында жакшы аты, жасаган эмгеги калды. Кыргыз эли мындай уулдарын эч качан унутпайт.
Бүгүн Кыргызстан Абсамат Масалиевичтей жаратман, таза, чынчыл инсандарга муктаж. Абсамат агабыздын жаркын элеси ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Жаш муундарга мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет!”