Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери 6000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ош ШИИБинин М.Б. жана И.Н. аттуу кызматкерлери шаардын тургунуна мурда козголуп, бирок тараптар бири-бирин кечиришкенине байланыштуу токтотулган кылмыш ишин кайра жандантып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен опузалап, 1000 АКШ долларын талап кылышкан.

Аталган кызматкерлер шаар тургунунан 6 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан. Издөөгө алууда Ош ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн М.Б. аттуу башчысынын чөнтөгүнөн атайын белгиленген акчалардын сырткары 200 АКШ доллары жана 30 миң сом табылган.

Кийин бул кызматкердин кызматтык бөлмөсүн тинтүүгө алганда сейфтен 169 миң сом, 1600 АКШ доллары жана З. аттуу жаран тарабынан М.Б. аттуу жарандан 100 миң АКШ долларын карызга алгандыгы тууралуу тил кат табылган.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын СИЗОсуна камакка алынышты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekzamann
2014-07-04 16:17:38
Мына сагаа 10000 айлык м.н мынчалык байый албайсынго..
0
Sagidko88
2014-07-05 11:08:52
алган айлыгы продуктыга да жетпесе эмне кылат башка?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан