Бүгүн, 4-июлда Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында эстакадалык көпүрө кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, кырсыктан 22 адам жабыркаса, 2 адам көз жумду. Каза болгондордун бири автобустун айдоочусу - аял болгон. Бийлик өкүлдөрү учурда кырсыктын себебин тактоодо. Эстакадалык көпүрө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна арналып курулуп жаткан экен. Бирок куруу иши аягына чыккан эмес.