Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 4-июлда Бишкектин Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыкка күбө болгон адамдардын айтымында, Ниссан Марч үлгүсүндөгү унаа Фрунзе көчөсү менен келе жатып Исанов көчөсүнө бурулган. Бул учурда Исанов көчөсү менен түштүктү көздөй келе жаткан маршруттук такси жеңил унааны аркасынан келип сүзүп алган. Кырсыктан адамдар жабыр тартышкан жок. Ал эми жеңил унаанын арткы айнеги сынып түшүп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tegenelik
2014-07-04 13:49:27
башынар аман болсо темир табылат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан