Чаткал районунда өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары үйлөрдө окуп жатышат

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Кара-Суу айылындагы А.Айымбетов атындагы мектептин окуучулары окуусун үзгүлтүксүз улантышууда. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 16-январда өрттөнүп кеткен бул мектептеги башталгыч класстын окуучулары айылдагы жеке үйлөрдө, ал эми чоң класстын окуучулары айылдан 2 чакырым алыс жайгашкан Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектепке барып-келип окушууда. Өрттөнгөн мектеп учурда жараксыз абалда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан