Бүгүн, 18-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусуна иш сапары менен барат. Иш сапар алкагында өкмөт башчы Панфилов, Жайыл, Москва райондорунда бир катар жолугушууларды өткөрө тургандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев алгач “Чалдыбар” чек ара бекетине барып, ал жердеги чек ара аскерлери менен жолугушат. Өкмөт башчынын иш сапарында Панфилов районундагы дарыгерлер борборунда, “Кайыңды”, “Кыргызалтын” ишканаларында, “Кара-Балта тоо кен комбинатына”, ушул сыяктуу маанилүү мекемелердин иши менен таанышып чыгуу пландалууда.