"Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 21-майында кабыл алынган “КРнын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Президенттин аппараты билдиргендей, мыйзам мүмкүн болгон өрттүн жана анын кесепетин алдын алуунун экономикалык механизмдерин белгилейт.

Ушул максатта мыйзамда өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системин “101” кызматына  милдеттүү түрдө туташтыруу ченеми каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан