КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-июнунда кабыл алынган. Бул тууралуу 4-июлда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, мыйзамдын максаты Кыргызстандагы нотариаттардын ишин жакшыртууга багытталган. Өзгөртүүлөр Жарандык кодекстин "Нотариат жөнүндө" КРнын мыйзамына киргизилди.