"Телефон аркылуу талак берүүнү муфтият колдобойт жана туура эмес" деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. "2012-жылдын декабрь айында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы телефон аркылуу талак берүү кабыл алынбай тургандыгы тууралуу фатва кабыл алган. Билгендер башкаларга айта жүрүшү керек. Муфтият телефон аркылуу талак берүүгө каршы" дейт эл өкүлү. Мусулманчылыкта “талак” деген сөздү эркек аялына 3 жолу айтса нике бузулуп, алар ажырашкан болуп саналат.