Ветеринардык каражаттардын Кыргызстанга мыйзамсыз киришине көмөктөшкөн Бажы кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду

Ветеринардык каражаттардын Кыргызстанга мыйзамсыз киришине көмөктөшкөн Бажы кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 4-июлда УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү маалымдады.

Белгилүү болгондой, бажы системиндеги коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада «Ак жол-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинен Казакстандан Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен ветеринардык каражаттардын өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө бул ишке Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн түздөн-түз тиешеси бар экендиги маалым болгон. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "аткезчилик" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан