Бишкекте "энесин өлтүрдү" деп шектелип жаткан жаран апасынын сөөгүн досу экөө араа менен бир нече бөлүктөргө бөлүп, ички органдарын да өзүнчө ажыратып салган.
Бул боюнча бүгүн, 4-июлда ишти карап жаткан Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү төмөнкүлөрдү билдирди:
"Окуя мындан 4 ай мурун болгон. Кылмышка шектелип жаткан 21 жаштагы М.Игорь өз апасын өлтүрүп коюп, милицияга "жоголуп кетти" деген арыз менен кайрылган. Бирок кийин аталган жаран милицияга келип, окуяны өзү айтып берүүнү чечкен.
Игордун айтымында, апасы Лариса менен тил табыша албай жүргөн. Себеби апасы алкоголдук ичимдиктерди ичип, бейтааныш эркектерди үйгө алып келип, тынчын алып турган. Уулу менен апасынын ортосунда адаттагы чыр чыкканда, Игорь апасын балта менен башка чаап өлтүрүп салган. Андан соң жансыз денеден кутулуу максатында досуна телефон чалып, жардам берүүнү суранган. Досуна 2 миң доллар берүүнү убадалап, анын жардамы менен Чыгыш-5 кичи районундагы батиринин жуунуучу бөлмөсүндө сөөктү темир араа менен бөлүктөргө бөлүшөт. Кескиленген бөлүктөрдү баштыктарга салып Пишпектеги таенесинен калган, өздөрүнө тиешелүү жер үйдүн жер төлөсүнө алып барып көмүп, үстүнөн бетондоп салышкан".Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сурак берүү учурунда шектүү өзүн алып жүрүү, жүрүм-турумунда психикалык жактан жабыр тартары тууралуу шек жараткан эмес. Антсе да алдыда кылмышка шектелип жаткан М.Игорь психиатриялык экспертизадан өткөрүлмөкчү.