Ушул жылдын июнунда Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы батирлердин биринен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандардын бири, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1984-жылы туулган Мирлан Макаилов А.Батукаев тарабынан “смотрящий” деп дайындалганы белгилүү болду. Издөө амалдарынын жүрүшүндө анын батиринен Ф-1 үлгүсүндөгү граната табылды.
Экинчи кармалган жаран Эрик Курмангалиев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1982-жылы туулгандыгы аныкталган. Анын унаасынан баңгизат жана ок-дарылар: 5,45-калибрдеги 5 ок жана 9,6 грамм гашиш табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “ок атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 2-июлунда “кримавторитет”, "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаев Орусия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасында колго түшүрүлгөндүгү боюнча маалыматтар чыккан.