Депутаттар кепилдик фондун түзүүнү сунуштап жатышат

ЖКнын депутаттары кепилдик фондун түзүүнү сунуштоодо. Мындай демилге бүгүн, 18-январда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков тарабынан көтөрүлдү. Анын айтымында, бул фонд орто жана кичи ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзөт. Турсунбеков билдиргендей, фонд республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, бюджеттик эмес булактардын эсебинен түзүлөт. “Кепилдик фонд сыяктуу жаңы каржы институттарын кечиктирбестен түзүү зарыл. Негизги максат – элди кредиттик тобокелчиликтен коргоо системин түзүү”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан