Казак-кыргыз чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен курал алып өтүүгө аракет кылгандар кармалышты

Казак-кыргыз чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен курал алып өтүүгө аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу 4-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Эл аралык "Чалдыбар автожолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинде Казакстандын жаранына тиешелүү Toyota Ipsum унаасы текшерүүгө алынган. Натыйжада ТОЗ-8-калибрдеги атуучу курал, 50 ок, электрошокер, 18 бөтөлкө спирт жана 2 Казакстанга тиешелүү мамлекеттик номерлер табылган.

Мындан сырткары 3-июлда “Ак жол автожолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Казакстандын жаранынан “Стражник” МР-461 куралы 4 огу менен табылган. Ал эми 2-июлда Кыргызстандын жараны 1 куралды жана 6 окту уруксат кагазы жок чек арадан өткөрүүгө аракет кылган. Бул боюнча материалдар иликтенип, Чүй ОИИББине өткөрүлүп берилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан