Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясында 4-июлда Башкы штабдын офицерлери укук коргоо органдары, мэриянын өкүлдөрү жана райондук администрациялардын башчылары үчүн аймактагы коопсуздукту уюштуруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынтыгында Биринчи Май району боюнча өзүнчө резервдеги рота түзүлдү. Райондук администрация резервдеги ротаны керектүү буюмдар, тамак-аш, турак жай жана транспорт менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлдү.