Аида Салянова коррупцияга каршы күрөшүүдө Канада менен биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Башкы прокурор Аида Салянова жетектеген Кыргызстандын делегациясы АКШда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын максаты - коррупция менен күрөшүү маселесине басым жасоо менен уурдалган жана изи жашырылган активдерди кайтаруу боюнча Кыргызстан-Америка укуктук кызматташтыгын активдештирүү жана бекемдөө. 
АКШга болгон иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Канаданын юстиция министри, тышкы иштер министри, башкы прокурору жана федералдык полициясы менен жолугушат.

3-июлда юстиция министринин орун басары Пьер Лего менен жолугушууда Аида Салянова КРнын Башкы прокуратурасынын азыркы таптагы ишмердүүлүгү жана алдына койгон максаттары тууралуу айтты. Аны менен катар мекеменин коррупция менен күрөшүү аракети жөнүндө маалымдады.

Канадалык тарап БУУнун Коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясы Кыргызстан менен укуктук жактан биргеликте иш алып барууга жакшы негиз болуп берерин белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан