
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы "кримавторитет", кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, ЖКга депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон
Рысбек Акматбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. 2001-жылы "уюшкан кылмыш тобун түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана "2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар" деп айыпталат. Акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен Башкы прокуратурага кайрылып, ал эми Биринчи Май райондук соту актап чыккан. Ошол жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо жеңишке жетишкен. Бирок депутаттык мандатты ала элек жатып, 2006-жылдын 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

* Мындан 229 жыл мурун, 1785-жылы америкалыктар эркиндик алгандан кийин англис фунтун же шиллингдерин колдонуу намыска тийчү көрүнүшкө айланган.
Томас Жефферсондун сунушуна ылайык, Кошмо Штаттардын Континенталдык конгресси бул күнү өлкөнүн акча бирдиги катары долларды кабыл алган.
* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы АКШнын 43-президенти
Жорж Буш (кенжеси) АКШнын Коннектикут штатындагы Нью-Хэйвен шаарында туулган. Ал АКШнын 41-президенти Жорж Герберт Уокер Буштун уулу.
Жорж Буш 1968-жылы Йель университетинин тарых адистиги боюнча бакалавр дипломун алган.