Жылнаама, 7-июль: Мындан 4 жыл мурун Кыргызстандын экс-муфтийи Мураталы ажы Жуманов 37 жашында көз жумган

* Мындан 64 жыл мурун, 1950-жылы Исхак Раззаковдун жетекчиликтеги ишмердүүлүгү жогору бааланып, 1950-жылы Кыргызстан КП БКнын биринчи секретарлыгына көтөрүлүп, республиканын партиялык уюмун жетектей баштаган. Исхак Раззаковдун убагында, 1953-жылы Союздагы эң оор, тоолуу аймактагы Фрунзе-Ош автоунаа жолу курула баштаган. Республикада оор өнөр жайы гана эмес, айыл чарбасында да ири жетишкендиктер болгон. 1956-жылы айыл чарбасындагы ири жетишкендиктер үчүн Кыргыз ССРи биринчи жолу Ленин ордени менен сыйланган. Исхак Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Мектептердин саны өскөн, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула баштаган. Жетекчинин демилгеси менен 1957-жылдан баштап республикадагы 80 миңге жакын окуучуга бекер ысык тамак берүү уюштурулган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Түркмөнстандын Абадан шаарына жакын жерде жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампасы ысык аба ырайынан улам өрттөнүп кеткен. Жарылуудан снаряддар 30 чакырым алыстыкка чейин учушкан. Бийлик жарылуунун кесепетинен 15 киши өлдү деген менен, укук коргоочулар 1300дөн ашуун киши өлдү деп билдиришкен.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Кыргызстандын экс-муфтийи Мураталы ажы Жуманов 37 жашында ашказан рагынан улам көз жумган. Ал 8-июлда Ноокат районундагы туулган айылы Ынтымакта жерге берилген.
7-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Odik11
2014-07-07 00:34:36
Муратаалы ажыны чаптырып салган, кылгандар тируу, албетте тарых тараза. Таш койгон ташын, кыш койгон кышын алат.
+1
samira.0907
2014-07-07 01:38:03
Odik11, жаткан жери жайлуу болсун!Аллахымдын таразасына койуп бердик,Ким кунолуу болгон болсо аркы дуйнодо жооп береттер.
0
diiazbek
2014-07-07 07:50:54
Сен таза болсон мен таза болсом коомда таза болот деген девиз менен иштегенде чондорубуз азыр башкача заман болсо керек еле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан