Украина армиясы Донецк менен Луганскты курчоого алууну пландап жатат. Муну аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Коваль билдирди. Айтымында, бул операция орусиячыл тараптарды курал тапшырууга аргасыз кылат. "Донецк менен Лугансктын облус борборлорунда жана эки калктуу конушунда толук курчоо жасалат, ошондой эле тийиштүү чаралар көрүлөт. Сепаратисттер куралдарын тапшырууга аргасыз болушу керек",- деди ал.
Айта кетсек, Украинанын түштүк-чыгышында куралдуу операциялар уланууда.