Караколдо мас абалында мушташып, коңшусун өлтүрүп алган жаран кармалды

Караколдо мас абалында мушташып, коңшусун өлтүрүп алган жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 23 жаштагы Акрамжан жана 27 жаштагы Руслан аттуу Каракол шаарынын тургундары спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Кийин экөө мушташа кетип, Акрамжан Русланды катуу сабап, өлтүрүп алган.

Учурда Акрамжан аттуу жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
smart_n79
2014-07-07 16:03:10
бул кайсы улут экен озу акрамжан дегени
0
elish87
2014-07-07 16:36:30
Мойнуна алаып ананле псих оруга чалдыгат,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан