Кыргызстанда милиция кызматкерлерин тынч митингдерде катышуусун токтотууну бүгүн, 17-январдагы КСДП фракциясынын жыйынында "Ички иштер кызматы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдө толуктоолорду киргизүү" жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоодо Ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев көтөрүп чыкты. Анын айтымында, милиция кызматкерлери тынч митингдин катышуучуларына сый мамиле көрсөтүп, ММКлардын кедергисиз иштөөсүн камсыздоого милдеттендирилиши керек. “Биз аскердик кызмат саналабыз, ошондуктан митингдин катышуучусу катары эмес, анын тынч өтүүсүн камсыздаган орган катары кызмат көрсөтүүбүз керек”,- деди министрдин орун басары.