Борбор калаанын экс-мэри Иса Өмүркуловдун соту 14-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан бүгүн, 7-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Иса Өмүркуловдун жана мэриянын бир катар кызматкерлери боюнча соттук ишти алып барып жаткан судья Жамиля Сабитова тажияга кеткендигине байланыштуу сот отуруму 14-июлга жылдырылган.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө.