Декларация: Билим берүү министри Канат Садыков “былтыр 369 260 сом маяна алдым” дейт

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков (сүрөттө) 2013-жылы 369 260 сом маяна алган. Тапшырган декларациясына таянсак, министр 85 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйдүн ээси. Жеке менчик автоунаасы жок экенин айтат. Министрдин жакындары 61,4 чарчы метр жерди ээлеген батирге ээлик кылышса, алардын жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген жок.

Канат Садыковдун орун басары Назаркул Ишекеев былтыр 139 881 сом киреше тааптыр. 78,9 чарчы метр аянтты ээлеген бир батирге ээлик кыларын айтты. Анын жакындары былтыр 452 873 сом киреше табышса, мүлкү: 1993-жылы чыгарылган Тойота Карина.

Министрдин дагы бир орун басары Догдуркүл Кендирбаеванын 2013-жылкы кирешеси 241 652 сом. 96 чарчы метр жерди ээлеген батирге, 1 гектар жер тилкесине (дыйканчылык үчүн) жана 4,5 сотых жер тилкесине (курулуш үчүн) ээлик кылат. Жакындары 250 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 2,5 гектар жер тилкесине (дыйканчылык үчүн) жана 4,5 сотых жер тилкесине (курулуш үчүн) ээлик кылышат.

Билим берүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова бир жылда 233 577 сом маяна алган. 322,1 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, бир компанияга ээлик кылат.

Министрдин дагы бир мурунку орун басары Мухтар Орозбеков жылдык кирешесин көрсөткөн жок, 2 үйгө ээлик кылат: аянттары 200 жана 220 чарчы метр.

Садыковдун мурунку орун басары Гүлжигит Сооронкулов 1 миллион 009 000 сом, 700 доллар киреше тапкан. Мунун 303 миң сому маяна, калганы кошумча кирешеси. Автоунаасы: Хонда CRV.

Жакындары 1 батир, 1 дачага ээлик кылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан