Жалал-Абадда 40 күн мурун сууга агып кеткен жаран табыла элек

Жалал-Абадда 40 күн мурун сууга агып кеткен жаран табыла элек. Бул тууралуу 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

"2014-жылдын 5-июлунда издөө иштерине КР ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 4 суучул жана 2-издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, издөө иштери кайрадан башталып, улантылган. Натыйжа болбогондугуна байланыштуу куткаруучулар өздөрүнүн туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып кетишти" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагында 27-майда саат 08:00 чамасында Көк-Кыя участогундагы Кара-Суу дарыясында балык уулап жатып Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 1965-жылы туулган Үмөт Балтабаев шериги менен сууга агып кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын 2-издөө-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу жана туугандарынан 20 адам тартылып, издөө иштери 2014-жылдын 7-июнуна чейин жүргүзүлгөн. Бирок натыйжа болбогондуктан, издөө иштери токтотулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SARMAT
2014-07-07 12:45:12
бейиштик болсун!
0
bekmurat1992
2014-07-07 13:23:19
жаткан жери жайлыуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан